Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDAEL

Курандын кереметтери: Жер

Мазмуну
  1. Аалам
  2. Жер
  3. Жандыктар дүйнөсү
  4. Адам
  5. Ден соолук жана азык
  6. Келечек жөнүндө кабарлар
  7. Тарых
  8. Сандар жана стиль
  9. Эскертүүлөр

Жердин тоголок формасы

Курандын ааламды тааныткан аяттарында колдонулган сөздөр абдан кызыктуу. Жогорудагы аятта «ороп-чулгайт» деп которулган Арапча сөз «йукаввиру». Бул сөздүн мааниси «тоголок бир нерсенин үстүнө бир нерсени ороо».

«Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты. Түндү күндүзгө ороп-чулгайт, күндүздү болсо түнгө ороп-чулгайт...»

Зүмер Сүрөсү, 5

Курандын ааламды тааныткан аяттарында колдонулган сөздөр абдан кызыктуу. Жогорудагы аятта «ороп-чулгайт» деп которулган Арапча сөз «йукаввиру». Бул сөздүн мааниси «тоголок бир нерсенин үстүнө бир нерсени ороо». (Мисалы, Арапча сөздүктөрдө «башка чалма ороо» сыяктуу тоголок нерселерди камтыган этиштер үчүн ушул сөз колдонулат.) Аятта түндүн жана күндүздүн бири-биринин үстүн ороп-чулгашы (таквир кылышы) жөнүндө берилген маалымат ошол эле учурда жердин формасы жөнүндө таптак бир маалыматты камтыйт. Жер тоголок болгондо гана бул аятта айтылган этиш ишке аша алат. Т.а. 7-кылымда түшүрүлгөн Куранда жердин тоголок экенине ишарат кылынган.

Ал доордогу астрономия түшүнүгүндө жердин башкача кабылданганын унутпоо керек. Ал доордо жер түз бир тегиздик деп кабыл алынчу жана бардык илимий эсеп жана түшүндүрмөлөр да ушуга жараша жасалчу. Бирок Куран Аллахтын сөзү болгондуктан, ааламды сүрөттөп жатканда, мүмкүн болгон эң так сүрөттөөчү сөздөр колдонулган. Куран аяттарында болсо биз жакынкы кылымда араң биле алган бул маалыматтар 1400 жыл мурдатан кабар берилүүдө.

Жердин айлануу багыты

Намл Сүрөсүндөгү аятта жердин бир гана айланышы эмес, айлануу багытына да басым жасалууда. 3500-4000 метр бийиктиктеги негизги булут массаларынын кыймыл багыты дайыма батыштан чыгышты көздөй болот.

«Тоолорду карап, (аларды) кыймылдабай турат деп ойлойсуң; чынында болсо алар булуттар айдалгандай айдалышат. Бул – бүт нерсени «бекем жана орду-орду менен кылган» Аллахтын чеберчилиги. Шексиз Ал кылганыңардан кабардар.»

Немл Сүрөсү, 88

Намл Сүрөсүндөгү аятта жердин бир гана айланышы эмес, айлануу багытына да басым жасалууда. 3500-4000 метр бийиктиктеги негизги булут массаларынын кыймыл багыты дайыма батыштан чыгышты көздөй болот. Аба ырайы божомолдору үчүн көбүнчө батыштагы абалга каралышынын себеби да ушул.

Булут массаларынын батыштан чыгышты көздөй кыймылдашынын негизги себеби – бул жердин айлануу багыты. Учурда белгилүү болгондой, жер батыштан чыгышты көздөй айланууда. Илим жакында гана аныктаган бул илимий чындык Куранда кылымдар мурда -жер бир тегиздик, бир өгүздүн үстүндө кыймылдабай турат деп кабыл алынган 14-кылымда- кабар берилген.

Жердин геоид абалы

Бул аятта «жайып төшөдү» деп которулган «даха» сөзү жайуу маанисине келген «дахв» сөзүнөн келип чыгат. Дахв сөзү төшөө, оңдоо маанилерине келсе да, мааниси жагынан жөнөкөй бир «төшөө» этиши эмес.

«Андан соң жер бетин жайып төшөдү.»

Назиат Сүрөсү, 30

Бул аятта «жайып төшөдү» деп которулган «даха» сөзү жайуу маанисине келген «дахв» сөзүнөн келип чыгат. Дахв сөзү төшөө, оңдоо маанилерине келсе да, мааниси жагынан жөнөкөй бир «төшөө» этиши эмес. Себеби бул сөз да тоголок кылып оңдоо, төшөө этиштерин сүрөттөө үчүн колдонулууда.

Дахв сөзүнөн келип чыккан башка сөздөрдө да тоголок мааниси бар. Мисалы, балдардын топту жердеги бир чуңкурга түшүрүшү, таш ыргытып түшүрүү жарыштары, жаңгак менен ойнолгон оюн, булардын баары дахв сөзү менен айтылат. Төө куштун уя жасашына, жата турган жердеги таштарды тазалашына, жумурткалаган жерге жана жумурткасына да ушул сөздөн келип чыккан сөздөр колдонулат.

Жердин формасы да бир жумуртканы элестеткен формада тоголок. Жердин уюлдардан басылган эллипс формасы геоид деп аталат. Бир тараптан аятта «даха» сөзүнүн колдонулушу Аллах жер жөнүндө берген маанилүү бир маалыматты камтууда. Адамдардан жүздөгөн жылдар бою жердин формасын тегиздик деп кабыл алышы жана чыныгы формасынын технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен гана аныкталышы Курандын Аллахтан келген вахий экендигинин маанилүү далилдеринин бири.

Жердин кабаттары

Куранда жер бети жөнүндө берилген маалыматтардын бири – бул жер жүзүнүн жети кабат асманга окшоштугу:

Куранда жер бети жөнүндө берилген маалыматтардын бири – бул жер жүзүнүн жети кабат асманга окшоштугу:

«Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн.»

Талак Сүрөсү, 12

Бул аятта көңүл бурулган бул маалымат илимий булактарда да кездешет жана жердин жети кабаттан тураары айтылат. Илимпоздор катарга койгон бул катмарлар төмөнкүдөй:

1-кабат: литосфера (суу)

2-кабат: литосфера (кургактык)

3-кабат: астеносфера 4-кабат: үстүңкү мантия 5-кабат: астыңкы мантия 6-кабат: сырткы ядро 7-кабат: ички ядро Литосфера грек тилинде таш маанисине келген литос (lithos) сөзүнөн келип чыгат жана жердин эң үстүңкү катмарын түзгөн катуу таш-топурак катмары. Башка катмарларга салыштырмалуу абдан ичке. Литосфера океандардын астында жана вулкандык активдүү аймактарда андан да ичке. Жер бетинде бул катмардын орточо калыңдыгы 80 км. Башка катмарларга салыштырмалуу муздагыраак жана катуураак; бул жагынан жер бетинде кабык милдетин аткарат.

Литосферанын астында грекче «алсыз» деген сөз астенестен (Asthenes) келген астеносфера катмары жайгашкан. Бул катмар литосферага салыштырмалуу ичкерээк жана кыймылдуу бир катмар. Бул катмар убакыттын өтүшү менен геологиялык жогорку температура жана басымга кабылганда, жумшарып ээриши мүмкүн болгон, ысык, жарым-катуу заттардан турат. Катуу литосфера катмары акырын кыймылдаган астеносфера катмарынын үстүндө сүзүп же кыймылдап жүрөт деп айтылат.41 Бул катмарлардын астында жогорку температурада, жарым-катуу таштардан турган болжол менен 2900 км калыңдыктагы мантия деп аталган бир катмар бар. Үстүңкү катмардан көбүрөөк өлчөмдө темир, магний жана кальций камтыган мантия ысыгыраак жана тыгыздыгы жогорураак, себеби жердин ичиндеги температура менен басым тереңдеген сайын жогорулайт.

Жердин борборунда болсо дээрлик мантиядан эки эсе тыгыз болгон ядро орун алган. Мындай тыгыздыктын себеби курамында таштардан көбүрөөк металлдардын (темир-никель) болушу. Жердин ядросу болсо эки бөлүктөн турат: бири 2200 км калыңдыктагы суюк ядро, экинчиси болсо 1250 км калыңдыктагы катуу бир ички ядро. Жер айланган сайын суюк тышкы ядро жердин магниттик талаасын пайда кылат.

Бирок 20-кылымдын технологиясы менен гана аныктала алган жер катмарларынын асманга болгон мындай окшоштугунун Куранда билдирилген болушу – албетте, Курандын көптөгөн илимий кереметтеринин бири.

Жердин жүгүн сыртка чыгарышы

Арап тилинде «зилзал» сөзү жер титирөө; «эскалеха» сөзү болсо «оордуктарын, оор жүктөрүн» деген маанилерге келет.

«Жер ошол күчтүү чайпалуу менен чайпалганда, жер оордуктарын сырткы чыгарганда жана адам:

«Буга эмне болуп жатат?» дегенде; ошол күнү (жер) кабарларын айтып берет.»

Зилзал Сүрөсү, 1-4

Арап тилинде «зилзал» сөзү жер титирөө; «эскалеха» сөзү болсо «оордуктарын, оор жүктөрүн» деген маанилерге келет. Жогорудагы аятта биринчи маанилери каралганда, жер титирөө жөнүндө маанилүү бир илимий чындыкка көңүл бурулганы байкалат.

Зилзала Сүрөсүнүн 2-аятында жер титирөө жөнүндө жердин оордуктарын чыгарышы айтылууда. Акыркы кылымдарда жасалган изилдөөлөр натыйжасында жердин борборунда оор металлдар бар экени жана алардын жердеги кыймылдар натыйжасында пайда болгону аныкталган. Геологдордун байкоолорунда, жер муздаган сайын оор жана тыгыз болгон заттар жердин ядросун көздөй чөгүп, жеңилирээктери жогорку, сырт тарапты көздөй көтөрүлгөн. Ошондуктан, жердин үстүңкү катмары эң жеңил заттардан (базальт жана гранит таштардан) турса, ядродо оор металлдар (никель жана темир) жайгашкан. Натыйжада ээриген металлдардан турган жердин асты жердин бетинен бир топ оор жана тыгыз бир заттан турат.

Жер титирөө учурларында болсо жердин астындагы заттар жердин бетине чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат; натыйжада аяттарда сүрөттөлгөндөй, жер жүзү оордуктарын сыртка чыгарган болот. Мындан тышкары, металл резервдери көп жайгашкан жерлер – бул жер титирөө жана вулкан кыймылдары көп болчу аймактар. Кеңири масштабдуу изилдөөлөр натыйжасында жакынкы өтмүштө аныкталган мындай илимий ачылыштар – Аллах Куранда ишарат кылган илимий чындыктардын бирөөсү гана.

Тоолордун кызматы

Көңүл бурсак, аятта тоолордун жер жүзүндөгү жер титирөөлөрдүн алдын алуучу өзгөчөлүгү бар экени айтылууда. Куран түшүрүлгөн доордо эч бир адам билбеген бул чындык учурда заманбап геологиянын ачылыштары аркылуу аныкталды.

Куранда тоолордун маанилүү бир геологиялык кызматына көңүл бурулган:

«Жер бетинде, аларды чайпалтпасын деп, кыймылсыз тоолорду жараттык...»

Энбия Сүрөсү, 31

Көңүл бурсак, аятта тоолордун жер жүзүндөгү жер титирөөлөрдүн алдын алуучу өзгөчөлүгү бар экени айтылууда. Куран түшүрүлгөн доордо эч бир адам билбеген бул чындык учурда заманбап геологиянын ачылыштары аркылуу аныкталды.

Илгери тоолор жер бетинен жогору көтөрүлгөн нерселер деп кабыл алынчу. Бирок илимпоздор тоолордун бир гана үстүңкү тарабы эмес, «тоонун тамыры» деп аталган бөлүктөрүнүн да бар экенин жана тамырынын кээде өз боюнан 10-15 эсе узун тереңге кирип тураарын аныкташкан. Мындай өзгөчөлүктөрү менен тоолор бир мык же казыктын чатырды жерге жабыштырып, кармап турушуна окшош кызмат аткарат. Мисалы, чокусу жерден болжол менен 9 км бийикте болгон Эверест тоосунун 125 километрден узун тамыры бар.

Мындан тышкары, тоолор жердин үстүңкү катмарын түзгөн абдан чоң катмарлардын кыймылы жана сүзүшүүлөрү натыйжасында пайда болот. Эки катмар кагылышканда, чыдамкайыраагы беркисинин астына кирет. Үстүндөгү катмар акырындап бийиктейт жана тоолорду пайда кылат. Астыңкы катмар болсо жердин астында тереңдеп тамырды пайда кылат. Ошондуктан, жогоруда да айтылгандай, жер бетинде биз көргөн массалардай чоң жердин астына тереңдеп сүңгүгөн тамырлар да бар. Илимий бир булакта тоолордун мындай түзүлүшү төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Материктер калыңыраак болгон тоолуу аймактарда жердин үстүңкү катмары мантияга терең сүңгүйт.

Дүйнөгө таанымал суу асты геологдордун бири профессор Сиаведа (Siaveda) болсо тоолордун жерге тамырлардай сүңгүгөнү жөнүндө мындай жоромол жасаган:

Материктердеги тоолор менен океандардагы тоолор арасындагы негизги айырма материалында... Бирок экөөсүндө тең тоолорду кармап турган тамырлар бар. Материктердеги тоолордо жеңил жана тыгыздыгы аз зат жердин ичин көздөй тамыр болуп сүңгүйт. Океандардагы тоолордо болсо тоону тамыр катары кармап турган жеңил зат бар... Тамырлардын кызматы Архимеддин мыйзамы боюнча тоолорду кармап туруу үчүн.

Мындан тышкары, Америка илимдер академиясынын мурдакы башчысы Франк Пресстин (Frank Press) дүйнө жүзүндө көптөгөн университетте окуу китеби катары окутулган Earth (Жер) аттуу китебинде тоолордун казык сыяктуу экени жана жерге терең көмүлүп сүңгүгөнү айтылат.

Курандын аяттарында болсо тоолордун мындай кызматына «казыкка» окшоштуруу аркылуу төмөнкүдөй ишарат кылынган:

«Биз жер жүзүн бир төшөк кылбадыкпы? Тоолорду болсо бир казык?»

Небе Сүрөсү, 6-7

Дагы бир аятта Аллах «Тоолорун тигип-отургузду» (Назиат Сүрөсү, 32) деп кабар берет. Бул аяттагы «эрсайха» сөзү «тамырдуу кылды, туруктуу кылды, бекемдеди, жерге какты» маанилерине келет. Мындай өзгөчөлүктөрү урматында тоолор жер катмарлары бириккен чекиттерде жердин бетин жана жердин астын көздөй созулуп, бул катмарларды бири-бирине бекитет (кагат). Ушундайча жердин үстүңкү катмарын бекемдеп, магма катмарынын үстүндө же өз катмарлары арасында жылып кетишине тоскоол болот. Кыскача айтканда, тоолорду тактайларды кыймылдатпай кармап турган мыктарга окшотууга болот. Тоолордун бекемдөө таасири илимий булактарда изостазия деп аталат. Изостазия – бул мантия катмары жогору көздөй түрткөн күч менен жер катмары төмөн көздөй түрткөн күч арасындагы тең салмактуулук. Тоолор эрозия, жердин жылышы же айсбергдердин ээриши сыяктуу себептер менен массасын жоготуп, айсбергдердин пайда болушу, вулкан атылуулары же топурактын пайда болушу себебинен массасы өсүшү мүмкүн. Ошондуктан, тоолор жеңилдегенде суюктуктар таасир эткен көтөрүү күчү менен төмөндөн жогору көздөй түртүлөт; же оордогондо жердин тартылуу күчү себебинен мантиянын ичине матырылышат. Жердин үстүңкү катмарындагы бул эки күчтүн арасындагы тең салмактуулук изостазия урматында камсыздалат. Тоолордун мындай тең салмактуулукту камсыздоочу өзгөчөлүгү илимий бир булакта мындайча айтылат:

Ж. Б. Аири (G. B. Airy) 1855-жылы жердин үстүңкү катмарын суу үстүндө сүзгөн, тактайдан жасалган кайыкка окшотууга болот деген. Калың тактай бөлүктөрү ичке бөлүктөргө салыштырмалуу суунун өйдөрөөгүндө сүзүшөт. Ошол сыяктуу, жердин үстүңкү катмарынын калың тараптары да бир суюктук же калыңыраак болгон астыңкы катмарлардын үстүндө сүзөт. Аири тоолор түздүктөрдө болбогон азыраак тыгыздыктагы таштардан турган терең тамырларга ээ деп жактайт. Аири эмгектерин жарыкка чыгаргандан 4 жылдан кийин Пратт (J. H. Pratt) альтернативдүү бир гипотеза сунуштады... Бул гипотеза боюнча, тоолордун астындагы аскалуу тамырлар түздүктөрдүн астындагы аскалуу тамырлардан узун болгондуктан, азыраак тыгыздыкта болушу керек эле. Аири жана Праттын гипотезаларынын экөөсү тең жер бетиндеги тең салмаксыздыктардын жердин үстүңкү катмарындагы белгилүү бөлүктөрдөгү (тоолор жана түздүктөр) таштардын тыгыздыктарындагы айырма эсебинен тең салмактуулукка келээрин айтышкан. Мындай тең салмактуулук абалы «изостазия» деп айтылат.

Бүгүнкү күндө жер бетинин таштуу болгон үстүңкү катмары терең бузулуулар менен бузулган жана ээриген магманын үстүндө сүзүп жүргөн доскалар абалында майдаланган. Жердин өз огунун айланасында айлануу ылдамдыгы абдан жогору болгондуктан, сүзүп жүргөн доскалар эгер тоолордун жылдырбай туруучу таасири болбогондо, кыймылдуу абалда болмок. Мындай учурда жер бетинде топурак чогулбай, топуракта эч суу жыйылбай, эч бир өсүмдүк өнбөй, эч бир жол, үй курула албай калышы мүмкүн эле; кыскача айтканда, жердин бетинде жашоо мүмкүн болбой калышы мүмкүн эле. Бирок Аллахтын мээрими менен тоолор мыктар сыяктуу кызмат кылып, жер бетиндеги кыймылдуулукка бир топ тоскоол болушат.

Байкалгандай, заманбап геологиялык жана сейсмикалык изилдөөлөр натыйжасында аныкталган тоолордун абдан маанилүү бир кызматы кылымдар мурда түшүрүлгөн Курани Керимде Аллахтын жаратуусундагы терең илимге бир мисал катары берилген. Бир аятта мындай буюрулат:

«... Жерде болсо силерди чайпалтпасын деп чайпалбас тоолорду жаратты...»

Локман Сүрөсү, 10

Тоолордун кыймылдашы

Бир аятта тоолордун сырттан көрүнгөндөй кыймылсыз эмес, тынымсыз кыймылда экени мындайча билдирилүүдө:

Бир аятта тоолордун сырттан көрүнгөндөй кыймылсыз эмес, тынымсыз кыймылда экени мындайча билдирилүүдө:

«Тоолорду карап, (аларды) кыймылдабай турат деп ойлойсуң; чынында болсо алар булуттар айдалгандай айдалышат...»

Немл Сүрөсү, 88

Тоолордун мындай кыймылы алар турган жердин үстүңкү бетинин кыймылынан келип чыгат. Жердин үстүңкү бети андан тыгызыраак болгон мантия катмарынын үстүндө сүзүп жүргөн сыяктуу кыймылдап турат. Алгач жолу 20-кылымдын баштарында Альфред Вегенер (Alfred Wegener) аттуу бир илимпоз жер бетиндеги материктердин жердин алгачкы убактарында бириккен абалда болушканын, кийинчерээк ар тарапка айдалышып, бири-биринен бөлүнүп, алысташканын айткан эле.

Бирок геологдор Вегенердин туура айтканын ал өлгөндөн 50 жылдан кийин, т.а. 1980-жылдары түшүнүшкөн. Вегенер 1915-жылы жарык көргөн бир макаласында айткандай, жер бетиндеги кургактык бөлүктөрү болжол менен 500 миллион жыл мурда бири-бирине бириккен абалда эле жана Пангея (Pangaea) деп аталган бул чоң кургактык Түштүк уюлда жайгашкан эле. Болжол менен 180 миллион жыл мурда Пангея экиге бөлүнгөн. Ар кайсы тарапка айдалган бул эки ири материктин бири Африка, Австралия, Антарктика жана Индияны камтыган Гондвана эле. Экинчиси болсо, Европа, Түндүк Америка жана Индиясыз Азиядан турган Лавразия эле. Мындай бөлүнүүдөн кийинки болжолдуу 150 миллион жылдын ичиндеги ар кайсы убактарда Гондвана жана Лавразия андан да кичинекей бөлүктөргө бөлүнүшкөн.

Пангеянын бөлүнүшү натыйжасында пайда болгон бул материктер тынымсыз кургактык жана деңиз арасындагы бөлүнүшүн өзгөртүп, жыл сайын бир канча сантиметрлик ылдамдык менен жер бетинде кыймылдашууда.

20-кылымдын баштарында жасалган геологиялык изилдөөлөр натыйжасында аныкталган жердин үстүңкү кабатынын мындай кыймылы илимий булактарда төмөнкүдөй түшүндүрүлөт:

Жердин үстүңкү катмары жана үстүңкү мантиядан турган 100 км калыңдыктагы жердин үстү «катмар» деп аталган бөлүктөрдөн турат. Жердин бетин түзгөн алты чоң катмар жана сансыз кичинекей катмарлар бар. «Катмар тектоникасы» деп аталган теория боюнча, бул катмарлар материктерди жана океандын түбүн да алып жүрүп, жердин бетинде кыймылдашат... Материктик кыймылдын жылына болжолдуу 1-5 см экени аныкталган. Катмарлар ушинтип кыймылдаган сайын жердин географиясында өзгөрүүлөр болуп турат. Мисалы, Атлантика океаны жыл сайын бир азга кеңейүүдө.

Бул жерде дагы бир маанилүү жагдай бар: Аллах тоолордун кыймылын аятта «айдалуу» деп билдирген. Учурда илимпоздор бул кыймыл үчүн колдонгон англисче термин да «continental drift», б.а. «материктик айдалуу».

Материктердин кыймылы Куран түшүрүлгөн доордо байкоого мүмкүн болбогон бир маалымат эле жана Аллах аяттагы «тоолорду көрүп, кыймылсыз турат деп ойлойсуң» сүйлөмү аркылуу адамдардын бул жөнүндө кандай ойлонушаарын алдын-ала билдирүүдө. Бирок андан соң бул чындыкты түшүндүрүп, тоолордун булуттар айдалган сыяктуу айдалганын кабар берген. Байкалгандай, аятта тоолор жайгашкан катмардын кыймылына апачык көңүл бурулган.

Илим жакында гана аныктаган бул илимий чындыктын аалам жана табият жөнүндөгү көз-караштар уламыш, негизсиз ишеним жана жомокторго таянган 7-кылымда Куранда билдирилиши – албетте, улуу бир керемет. Жана Курандын Аллахтын сөзү экендигинин абдан маанилүү бир далили.

Күндүн чыгуу жана батуу чекиттеринин айырмасы

Жогорудагы аяттарда байкалгандай, чыгыш менен батыш сөздөрү көптүк түрдө колдонулган. Мисалы, биринчи аятта колдонулган «мешарик» сөзү чыгыштын, «мегариб» сөзү болсо батыштын экиден көп экенин билдирген көптүк түрлөрү.

«Чыгыштардын жана батыштардын Раббисине ант ичем; Биз чынында кудуреттүүбүз;»

Меариж Сүрөсү, 40

«Асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, чыгыштардын да Раббиси.»

Саффат Сүрөсү, 5

«Ал эки чыгыштын да Раббиси, эки батыштын да Раббиси.»

Рахман Сүрөсү, 17

Жогорудагы аяттарда байкалгандай, чыгыш менен батыш сөздөрү көптүк түрдө колдонулган. Мисалы, биринчи аятта колдонулган «мешарик» сөзү чыгыштын, «мегариб» сөзү болсо батыштын экиден көп экенин билдирген көптүк түрлөрү. Акыркы аятта болсо «мешрикейн» эки чыгыш, «маарибейн» эки батыш маанисинде колдонулган. Аяттарда колдонулган «мешарик» жана «меариб» сөздөрү «күн чыккан жана баткан жер» маанилерине да келет. Ошондуктан, жогорудагы аяттарда күн чыгыштын жана күн батыштын ар кандай чекиттери жөнүндө сөз болууда. Мындан тышкары, алгачкы аятта чыгыштардын жана батыштардын Рабби деп ант ичилиши да көңүл бурат.

Белгилүү болгондой, жердин өз огунда айлануу огу (эклиптикалык огу) 230 27'лик бир кыйшайууга ээ. Мындай кыйшайуу жана жердин тоголок абалы себебинен күндүн нурлары жердин бетине дайыма бирдей бурч менен түшпөйт. Ошондуктан күн чыгыш тарапта ар башка жерлерден чыгып, батышта да ар башка жерлерден батат.

Жогорудагы аяттарда айтылган чыгыш жана батыш менен байланыштуу сүйлөмдөр да күндүн башка башка чекиттерден чыгып, башка башка чекиттерден батаарына ишарат кылышы жагынан абдан маанилүү. (Эң туурасын Аллах билет.)

Кургактыктардын айланасынан азайышы

Жер күндөн келген протон, электрон жана альфа бөлүкчөлөрүнүн агымы тарабынан бомбалоого кабылат. Мындай күн шамалдары атмосфераны жерден бөлө ала тургандай күчкө ээ.

«Алар көрбөй жатышабы, чынында Биз жерге келип, аны айланасынан кемитип жатабыз...»

Рад Сүрөсү, 41

«... Бирок, эми, Биздин чынында жерге келип аны айланасынан кемитип жатканыбызды көрүшкөн жокпу?...»

Энбия Сүрөсү, 44

Жер күндөн келген протон, электрон жана альфа бөлүкчөлөрүнүн агымы тарабынан бомбалоого кабылат. Мындай күн шамалдары атмосфераны жерден бөлө ала тургандай күчкө ээ. Бирок атмосферанын түгөнүшү жердин учурдагы зат жоготуу көлөмү менен (секундасына эң көп 3 кг) күндүн жалпы өмүрүнөн 5 эсе узун убакыт алат. Себеби жер атмосферадагы магнитосфера катмары түзгөн күчтүү магниттик талаа урматында мындай күчтүү эрозиялардан белгилүү деңгээлде корголгон болот. Жердин ионосфера катмарынын үстүнөн космостун тереңдиктерин көздөй таркаган ион (кычкылтек, гелий жана суутек) жоготуусу жерди курчаган учу-кыйырсыз аба катмарына салыштырганда абдан кичинекей көлөмдө болуп калат. Бирок ошондо деле космоско чыгарылган көлөм маанилүү санда болууда.

Окумуштуулар күндөгү энергия жарылууларынын жердин атмесферасынын тышкы кабатынан кычкылтек жана башка газдардын космоско чыгып, таркашына себеп болоорунун алгачкы так далилдерин NASAнын (Улуттук аба жана космос башкармалыгынын) космостук унаалары урматында ала алышты. Ушундайча илимпоздор жердин тышкы катмарларынан зат жоготуусуна кабылып тураарын алгачкы жолу 1998-жылдын 24-25-сентябрларында көрүшкөн.

Жогорудагы аяттар бир тараптан жер бетиндеги кургактыктардын азайышын да айтып жаткан болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө уюлдардагы айсберг катмарлары ээрип жатат жана океандардын суусу көтөрүлүүдө. Суунун көбөйүшү кургактыкты басып, каптап жатат. Океандын жээктери суунун астында калган сайын жер бетинин жалпы аянты же кургактык да азайууда. Жогорудагы аяттарда айтылган «аны айланасынан азайтуудабыз» жана «(Биз) айланасынан азайтып жаткан»

сүйлөмдөрү океан жээктеринин суунун астында калып жатышына ишарат кылып жаткан болушу мүмкүн.

New York Times гезитинде бул жөнүндөгү бир кабар төмөнкүдөй:

Өткөн кылымда жер бетинин орточо температурасы 1 Фаренгейт шкаласына жогорулады, температуранын көтөрүлүү темпи да акыркы чейрек кылымда өстү. Бул маанилүү чоңдук... Мурдакы спутниктик изилдөөлөр жана суу асты байкоолордо Түндүк уюл аймагынын температурасынын көтөрүлүү тенденциясында болгону, айсберг массаларынын ээрүү ыктымалынын да өскөнү аныкталган... Манхеттенде бир NASA изилдөө борбору болгон Goddard космос илимдери институтунун илимпоздору 1950- жана 1960-жылдардын суу асты маалыматтарын 1990-жылдардын байкоолору менен салыштырышты жана Түндүк уюл бассейниндеги айсберг катмарынын 45%га ичкергенин далилдешти. Космостон алган сүрөттөр аймакты каптаган айсбергдердин көлөмүнүн өткөн жылдары маанилүү көлөмдө азайганын көрсөтүүдө.

20-кылымдын аягында алынган жыйынтыктар Анбия Сүрөсүнүн 44- жана Рад Сүрөсүнүн 41- аяттарындагы сырларды түшүнүшүбүзгө жардам берген.

Аллах аятта билдирген жер бетинин айланасынан азайышы Куранда билдирилген дагы бир илимий чындыкка ишарат деп жоромолдоого болот. Өз огунун айланасында айланган жердин айланышынан келип чыккан эллипс формага ээ экени акыркы кылымдарда аныкталган бир чындык.

Изилдөөлөрдө айлануудан келип чыккан күч менен жердин экватор чөйрөсүнүн кеңейип, учтагы чекиттерден, т.а. уюлдардан басылганы аныкталган. Мындан тышкары, жердин айлануу кыймылы уланып туруучу бир процесс болгондуктан, бул өзгөрүү дагы эле уланууда. Рад Сүрөсүнүн 41-аятында «кемитип жатабыз» деп которулган «ненкусу» сөзү кемитүү этишинин дагы эле уланып жатканын да көрсөтүүдө.

Жердин тартылуу күчү жер сыяктуу асман планеталарын тоголок абалдардагы формага салган. Бирок мындай форма топтоголок эмес, уюлдардан бираз түздөлгөн жана экватордон биразга сыртка чыккан бир форма. NASA'нын маалыматтары боюнча, жердин экватор радиусу 6378,1 км болсо, уюлдардан эсептелген радиусу 6356,8 км.49 Бул айырма болжол менен 0,3%дык бир айырманы түзөт.

Жердин формасы жөнүндөгү бул модел алгач 1687-жылы Исаак Ньютон тарабынан айтылган. Аяттарда болжол менен 1400 жыл мурда ишарат кылынган мындай абал Курандын дагы бир илимий керемети.

Жарылган жер бети

Бул аяттагы Арапча «садъа» сөзүнүн «жарылуу, айрылуу» деген маанилери бар. Аллахтын жердин жарылышына ант ичиши Курандын башка илимий кереметтери сыяктуу бул жерде да көңүл буруучу бир жагдайга ишарат кылууда.

«Кайтуучу асманга ант болсун. Жарылган жерге да.»

Тарык Сүрөсү, 11-12

Бул аяттагы Арапча «садъа» сөзүнүн «жарылуу, айрылуу» деген маанилери бар. Аллахтын жердин жарылышына ант ичиши Курандын башка илимий кереметтери сыяктуу бул жерде да көңүл буруучу бир жагдайга ишарат кылууда.

1945-46-жылдары илимпоздор минералдык булактарды изилдөө үчүн алгачкы жолу деңиз жана океандардын түбүнө түшүштү. Изилдөөлөрдө көңүл бурган эң маанилүү жагдайлардын бири – бул жердин сынган түзүлүшү болгон. Жердин үстүңкү катмарындагы таштуу катмар түндүк-түштүк жана чыгыш-батыш багыттуу болуп, он миңдеген километр узундуктагы көп сандагы ири жарылуулар менен жарылган эле. Мындан тышкары, илимпоздор 100-150 км тереңдикте деңиздердин жана океандардын астында ээриген магманын бар экенин байкашкан.

Мына ушундай сынуулар жана жарылуулар себебинен деңиздердин ортосунда жайгашкан тоолордон сыртка лавалар агат. Жер бетинин мындай сынган түзүлүшү урматында маанилүү көлөмдө ысык температура сыртка чыгарылат жана ээриген таштардын көпчүлүгү океандардагы чокуларды түзөт. Эгер жер бетинин үстүңкү катмарынан көп көлөмдө ысыктыктын сыртка чыгышына шарт түзгөн мындай түзүлүшү болбогондо, жер бетинде жашоо мүмкүн болбой калмак.

Албетте, аны аныктоо ушунчалык алдыңкы технологияны талап кылган бир маалыматтын 1400 жыл мурда билдирилген болушу – Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринин бири.

Мунайзаттын пайда болушу

Белгилүү болгондой, мунайзат өсүмдүк жана жаныбарлардын чириген калдыктарынан пайда болот. Бул калдыктар сууда миллиондогон жыл бою чириген соң ал жерде бир гана майлуу заттар калат.

«Раббиңдин Улуу ысымын тасбих кыл, Ал жаратты, «бир система ичинде калып берди», тагдыр кылды, ушундайча жол көрсөттү, «жапжашыл чөптү» чыгарды. Андан соң аны куураган, кара бир абалга салды.»

Ала Сүрөсү, 1-5

Белгилүү болгондой, мунайзат өсүмдүк жана жаныбарлардын чириген калдыктарынан пайда болот. Бул калдыктар сууда миллиондогон жыл бою чириген соң ал жерде бир гана майлуу заттар калат. Ылай жана ири жер катмарларынын астында калган майлуу заттар мунайзат жана газга айланат. Жердин үстүңкү катмарындагы кыймылдар кээде деңиздердин кургактыктарга айланышына жана мунайзаты бар породалардын миңдеген метр тереңдикке көмүлүшүнө жол ачат. Пайда болгон мунайзат болсо кээде порода катмарларындагы оюктардан сызылып километрлеген тереңдиктен жердин бетине чыгат жана ал жерде бууланып (газ абалына келип), артта болсо смола жыйындысы калат.

Аъла Сүрөсүнүн алгачкы төрт аятында көңүл бурган үч нерсе мунайзаттын пайда болуу баскычтарына абдан дал келет. Эң биринчиден көк чөп, кыр, чайыр маанилерине келген «элмеръа» сөзү менен мунайзаттын пайда болушундагы органикалык заттарга ишарат кылынышы толук ыктымал. Аятта экинчи көңүл бурган сөз болсо – бул кара чалыш жашыл, жашыл чалыш кара, кара сымал, кара, ыстуу түстөрдү сүрөттөө үчүн колдонулган «ахва» сөзү. Бул сөздү жер астында чогулган өсүмдүк калдыктарынын убакыттын өтүшү менен карага айланышы деп түшүнүүгө болот. Себеби бул сөздөр үчүнчү бир сөз менен –«гусаен» менен- бышыкталууда. Кээде котормолордо ыпыр-сыпыр, калдык деп которулган «гусаен» сөзү сел суусу чөптөрдү, акыр-чикирлерди бири-бирине аралаштырып, айдап келген жана дарыялардын айланасына чыгарып таштаган чөп, акыр-чикир, жалбырак жана көбүк сыяктуу аралашма маанисине да келет. Бул сөз «кусуу» маанисинен улам кээ бир булактарда «сел кусундусу» деп которулууда жана топурактын мунайзатты кусушу деп айтылууда. Мунайзаттын пайда болушу, көбүктүү көрүнүшү, түсү эске алынганда, чындап эле аяттарда колдонулган сөздөрдүн канчалык терең маанилүү экени жакшыраак көрүнүүдө.

Байкалгандай, аяттагы өсүмдүктүн кара жана агуучу бир суюктукка айланышы мунайзаттын пайда болушуна абдан окшошот. Мунайзаттын пайда болушу жөнүндө маалымат жок болгон бир доордо ушунчалык көп убакытты талап кылган бир процесстин сүрөттөлүшү – албетте, Курандын Аллахтын вахийи экендигинин дагы бир далили.

Булуттардын салмагы

Булуттардын салмагы абдан таң калыштуу чоңдуктарга жетет. Мисалы, топтолгон жамгыр булуту (cumulonimbus) түрүндөгү бороон булутунда 300 000 тонна массага жеткен көлөмдө суу чогулат.

Булуттардын салмагы абдан таң калыштуу чоңдуктарга жетет. Мисалы, топтолгон жамгыр булуту (cumulonimbus) түрүндөгү бороон булутунда 300 000 тонна массага жеткен көлөмдө суу чогулат.

Асманда 300 000 тонналык бир масса тура ала турган бир системанын «курулган» болушу – албетте, таң калыштуу көрүнүш. Курандын кээ бир аяттарында булуттардын салмагына мындайча көңүл бурулууда:

«Ырайымынын алдынан шамалдарды бир сүйүнчү катары Ал жөнөтөт. Булар оор булуттарды жогору көтөрүшкөндө, аларды (кургакчылыктан) өлгөн бир шаарга айдайбыз жана муну менен ал жерге суу түшүрөбүз, ушундайча бүт түшүмдөрдөн чыгарабыз...»

Араф Сүрөсү, 57

«Ал – силерге чагылганды коркуу жана үмүт катары көрсөткөн, (жамгыр көтөргөн) салмактуу булуттарды (жасап) пайда кылган (Зат).»

Рад Сүрөсү, 12

Албетте, Куран түшүрүлгөн доордо адамдардын булуттардын салмагы жөнүндө мындай маалыматка ээ болушу мүмкүн эмес эле. Куран аяттарында көңүл бурулган жана жакынкы өтмүштө аныкталган бул маалымат Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринин дагы бирөөсү.

Жамгырдын көлөмү

Куранда жамгыр жөнүндө берилген дагы бир маалымат – бул жамгырдын белгилүү бир өлчөм менен жаадырылышы. Зухруф Сүрөсүндө мындайча буюрулат:

Куранда жамгыр жөнүндө берилген дагы бир маалымат – бул жамгырдын белгилүү бир өлчөм менен жаадырылышы. Зухруф Сүрөсүндө мындайча буюрулат:

«Ал белгилүү бир өлчөм менен асмандан суу түшүрүп, аны менен өлүк бир өлкөнү «тирилтти (жана бүт тарабына жашоо) таратты»; силер да ушундай (кабырларыңардан тирилтилип) чыгарыласыңар.»

Зухруф Сүрөсү, 11

Жамгырдагы мындай өлчөм да доорубуздагы изилдөөлөр натыйжасында аныкталган. Эсептөөлөр боюнча, жердин бетинен секундасына 16 миллион тонна суу бууланууда. Бир жылда бул 505 триллион тоннага жетет. Бул ошол эле учурда бир жылда жерге жааган жамгыр көлөмү. Б.а. суу дайыма бир тең салмактуулук ичинде «бир өлчөм менен» айланып турат. Жер бетиндеги жашоонун уланышы да ушундай суунун айланышы урматында камсыз болот. Адам ээ болгон бардык технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн колдонсо да, мындай айланууну жасалма жол менен эч качан ишке ашыра албайт.

Эгер бул өлчөмдө кичинекей эле бир өзгөрүү болсо, кыска убакыт ичинде чоң бир экологиялык тең салмаксыздык пайда болот жана бул болсо жерде жашоонун токтошуна себеп болот. Бирок эч качан мындай болбойт; жамгыр, Куранда билдирилгендей, жер бетине жыл сайын бирдей өлчөмдө түшүүсүн улантат.

Жамгырдагы өлчөм бир гана көлөмүндө эмес, ошол эле учурда жамгыр тамчыларынын түшүү ылдамдыгында да бар. Жамгыр тамчысы канчалык чоң болбосун, жер бетине түшүү ылдамдыгы белгилүү бир чектен (лимиттен) ашпайт.

Нобель сыйлыгынын ээси немец физик Филипп Ленард (Philipp Lenard) изилдөөлөрү натыйжасында жамгыр тамчыларынын көлөмү чоңойгон сайын түшүү ылдамдыгынын өсөөрүн аныктаган. Бирок түшүү ылдамдыгындагы мындай өсүү жамгыр тамчысынын көлөмү 4,5 мм болгонго чейин уланган. Андан чоң жамгыр тамчыларынын болсо түшүү ылдамдыктары секундасына 8 метрден ашкан эмес. Мунун себеби тамчылардын түшүп бараткандагы калыбы менен байланыштуу. Жамгыр тамчыларынын мындай өзгөчө формасы атмосферанын сүрүлүү таасирин жогорулатат жана тамчылардын белгилүү бир ылдамдык чегинен ашышынын алдын алат.

Байкалгандай, Куранда жамгырдын түшүшү жөнүндө 1400 жыл мурда билиниши мүмкүн болбогон назик бир жөнгө салууга көңүл бурулууда.

Жамгырдын пайда болушу

Жамгырдын кандайча пайда болоору көп убактан бери адамдар үчүн бир сыр эле. Бирок аба радарлары ойлоп табылган соң жамгырдын кайсы баскычтардан өтүп, пайда болоору так аныкталды.

Жамгырдын кандайча пайда болоору көп убактан бери адамдар үчүн бир сыр эле. Бирок аба радарлары ойлоп табылган соң жамгырдын кайсы баскычтардан өтүп, пайда болоору так аныкталды. Бул жыйынтыктар боюнча, жамгыр үч баскычтан пайда болот: алгач шамал аркылуу жамгырдын «чийки заты» асманга көтөрүлөт. Андан соң булуттар жана эң аягында жамгыр тамчылары пайда болот.

Куранда жамгырдын пайда болушу жөнүндө толугу менен ушул процесстер айтылган. Бир аятта бул пайда болуу жөнүндө мындай бир маалымат берилет:

«Аллах шамалдарды жөнөтөт, ошентип бир булутту көтөрөт да, аны кандай кааласа асманда жайып-таркатат жана аны бөлүк бөлүк кылат; анан анын арасынан жамгырдын агып чыкканын көрөсүң. Кийин Өз пенделеринен каалаганына берээр замат (алар) кубанып калышат.»

Рум Сүрөсү, 48

Эми аятта айтылган үч баскычты илимий анализ кылалы:

1-БАСКЫЧ: «Аллах шамалдарды жөнөтөт...»

Океандардагы көбүктөнүү менен пайда болгон сансыз аба көбүкчөлөрү тынымсыз пайда болуп турат жана майда суу тамчылары тынымсыз асманга чачылып турат. Тузга бай болгон бул майда тамчылар шамалдар менен учуп, атмосферада жогору көздөй жол алышат. Аэрозоль деп аталган бул кичинекей бөлүкчөлөр «суу тузагы» деп аталган бир механизм аркылуу океандардан көтөрүлгөн суу буусун өз чөйрөсүнө кичинекей тамчылар абалында топтоп булут тамчыларын пайда кылышат.

2-БАСКЫЧ: «... ошентип бир булутту көтөрөт да, аны кандай кааласа асманда жайып-таркатат жана аны бөлүк бөлүк кылат...»

Туз кристаллдарынын же абадагы майда чаңдардын айланасында чогулган суу буусу менен булуттар пайда болот. Булардын ичиндеги суу тамчылары абдан кичинекей болгондуктан (0,01-0,02 мм чоңдукта) абада учуп жүрө берет жана асманга таркашат. Натыйжада асман булуттар менен капталат.

3-БАСКЫЧ: «... анан анын арасынан жамгырдын агып чыкканын көрөсүң.»

Туз кристаллдарынын жана майда чаңдардын айланасында чогулган суу бөлүкчөлөрү жакшылап чогулушуп, жамгыр тамчыларын түзүшөт. Натыйжада абадан салмагы оорураак болуп калган тамчылар булуттан бөлүнүп жамгыр болуп, жерге түшүп башташат.

Байкалгандай, жамгырдын пайда болушунун ар бир баскычы Куран аяттарында билдирилүүдө. Болгондо да бул баскычтар туура катарга коюлуп, баяндалган. Жердеги бир катар табигый окуядагы сыяктуу, бул жерде да Аллах эң туура түшүндүрмөнү жасоодо, болгондо да бул түшүндүрмөнү илим тарабынан ачылаардан кылымдар мурда Куран аркылуу адамдарга билдирүүдө.

Жамгырдын пайда болушу жөнүндөгү башка бир аятта төмөнкү маалыматтар берилүүдө:

«Аллахтын булуттарды айдап жатканын, кийин араларын бириктирип, андан соң аларды кабат кабат кылып жыйып жатканын көргөн жоксуңбу; ошентип жамгырдын булардын арасынан агып-чыкканын көрөсүң. Асмандан ичинде мөндүрү бар тоолор (сыяктуу булуттар) түшүрүп, аны каалаганына туш кылат, (жана) каалаганынан аны кайтарат (тосот); чагылганынын жаркыраганы көздөрдү алып көр кылчудай болот.»

Нур Сүрөсү, 43

Булут түрлөрүн изилдеген илимпоздор жамгырдын пайда болушу жөнүндө таң калыштуу жыйынтыктарды алышкан. Жамгыр булуттары белгилүү бир система жана баскычтар менен пайда болуп, калыптанууда. Жамгыр булуттарынын бири болгон кумулонимбус (cumulonimbus) түрүндөгү булуттардын пайда болуу баскычтары илимде төмөнкүдөй:

1-БАСКЫЧ, айдалуу: Булуттар шамалдар тарабынан турган жеринен түртүлүшөт, б.а. айдалышат.

2-БАСКЫЧ, биригүү: Шамал тарабынан түртүлгөн бул кичинекей булуттар (кумулонимбус) айдалган жерде биригип, жаңы чоң булуттарды пайда кылышат.

3-БАСКЫЧ, чогулуу: Кичинекей булуттар бириккен соң чоң булуттун ичиндеги жогору көздөй тартуу күчү жогорулайт. Булуттун борборундагы жогору тартуу күчү четтериндеги тартуу күчүнөн күчтүүрөөк. Мындай жогору тартуулар булуттун формасынын вертикалдуу чоңойушуна себеп болот. Натыйжада булуттар жогору көздөй кеңейишип, үстү-үстүнө жыйналышат. Бул тигинен чоңойгон булуттун формасынын атмосферанын салкыныраак тараптарын көздөй чоюлушуна себеп болот. Мына ошондо атмосферанын салкын аймактарында булутта суу жана мөндүр тамчылары чоңойуп баштайт.

Бул баскычтардын натыйжасында суу жана мөндүр тамчылары, жогору тартуу күчү аларды кармай албай турганчалык, оордогондо булуттардан жамгыр, мөндүр ж.б. абалында түшүп башташат.

Бир нерсени унутпаш керек, метеорологдор булуттун пайда болушу, түзүлүшү жана функциясы жөнүндөгү детальдарды өнүккөн технологиялык каражаттарды (учак, спутник, компьютер ж.б.) колдонуу менен, жакынкы убакта гана аныктай алышты. Демек, Аллах бул аяттарында да бизге 1400 жыл мурда билиниши мүмкүн болбогон бир маалыматты берген.

Топурактын кыймылга келип, көбүшү

Бул аятта «кыймылга келип» деп которулган сөздүн Арапчасы «ихтеззет» жана бул сөз «кыймылга келүү, жандануу, титирешүү, кыймылдоо, өсүмдүктүн кыймылга келиши жана өсүшү» маанилерине келет.

«... Жер бетин куураган (бир) өлүк сыяктуу көрөсүң, бирок Биз анын үстүнө сууну түшүргөнүбүздө, кыймылга келип, көбөт жана ар бир сонун жуптан (эгиндер, түшүмдөрдү) өстүрөт.»

Хаж Сүрөсү, 5

Бул аятта «кыймылга келип» деп которулган сөздүн Арапчасы «ихтеззет» жана бул сөз «кыймылга келүү, жандануу, титирешүү, кыймылдоо, өсүмдүктүн кыймылга келиши жана өсүшү» маанилерине келет. «Көбөт» деп которулган «ребет» сөзү болсо «көбөйүү, көбүү, чоңойуу, өнүгүү, (өсүмдүктүн) көтөрүлүшү, ырыскы берүү, шишүү, ичине аба толуу» маанилерине келет. Аяттагы бул сөздөр жамгыр учурунда топурактын молекулярдык түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөрдү эң ылайыктуу сөздөр менен сүрөттөөдө.

Аятта сүрөттөлгөн кыймыл жердин үстүңкү катмарынын жер титирөөлөр учурундагы жалпы кыймылынан айырмалуу жана топуракты түзгөн бөлүкчөлөрдүн кыймылдашы катары баяндалууда. Топурак бөлүкчөлөрү бири-биринин үстүнө жайгашкан катмарлардан турат жана суу бул катмарлардын арасына киргенде, топурак бөлүкчөлөрүнүн көлөмүнүн өсүшүнө, көбүшүнө себеп болот. Аяттагы баскычтар илимий тараптан төмөнкүдөй:

1- Топурактын кыймылга келиши: Топурак жамгырдын суусун жетиштүү көлөмдө сиңиргенде, топурак бөлүкчөлөрүнүн бетинде пайда болгон электростатикалык заряд тең салмаксыздыкка себеп болот, бул болсо бөлүкчөлөрдүн кыймылдашына жол ачат. Бул кыймыл бөлүкчөлөрдүн электрдик заряды теңделгенге чейин уланат. Топурак бөлүкчөлөрүнүн кыймылга келиши суу тамчылары менен урунушунан да келип чыгат. Суу тамчыларынын кыймылы белгилүү бир багытта эмес. Ар тараптан урунган суу топурак бөлүкчөлөрүнүн ордунан жылышына себеп болот. Бул кыймыл учурда «Броун кыймылы (Brownian movement)» деп аталган жана 1827-жылы Роберт Броун аттуу шотландиялык бир ботаник сүрөттөгөн микроскопиялык бөлүкчөлөрдүн кыймылы. Броун жамгыр тамчылары жерге түшкөндө, топурак молекулаларында бир силкинүү жана кыймылдоонун болоорун аныктаган.

2- Топурактын көбүшү: Жамгыр жааганда ар тараптан келген суу тамчылары топурак бөлүкчөлөрүнүн кыймылдашына, натыйжада сууну сиңирип, көлөмүнүн чоңойушуна жол ачат. Себеби суу көп санда болгондо, топурак бөлүкчөлөрүнүн арасындагы аралык өсөт. Бул боштуктар суу тамчыларынын жана ээриген иондордун топурактын ичине киришине мүмкүндүк берет. Суу жана суунун ичинде ээриген абалда жайгашкан башка азыктар катмарлар арасында таркайт. Бул болсо топурак бөлүкчөлөрүнүн көлөмүн жогорулатат. Ошондуктан бул бөлүкчөлөр топуракты жандандыруу үчүн керектүү суу кампасы функциясын аткарат. Жердин тартылуу күчүнө карабастан, суунун сиңбестен, топурак бөлүкчөлөрүнүн катмарлары арасында кампаланышы Аллахтын адамдарга болгон чексиз мээриминин мисалдарынын бири. Эгер топурактын сууну кармап калуу өзгөчөлүгү болбогондо жана топуракта бул минерал кампалары болбогондо, суу топурактын тереңине сиңип кетмек жана өсүмдүктөр кыска мөөнөттө куурап калмак. Бирок Раббибиз топуракты ар кандай түшүмдөрдүн чыгышына шарт түзө турган өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан.

3- Топурактын түшүм бериши: Топурактагы суу жетиштүү көлөмгө жеткенде, уруктар активдүү абалга келет жана жөнөкөй азык элементтерди сиңирип баштайт. Барган сайын чоңойгон өсүмдүктөр суу муктаждыгын 2-3 ай бою ушул кампалардан алышат.

Кургак топуракка жамгыр түшкөндө, ишке ашкан кубулуштар жогорудагы аятта үч баскычтуу баяндалууда: топурактын кыймылга келиши, топурактын көбүшү жана топурактын түшүм бериши. Байкалгандай, Куранда мындан 14 кылым мурда билдирилген бул баскычтар илимий түшүндүрмөлөргө толук дал келет. Башка бир аятта болсо мындай деп айтылат:

«Өлүк топурак алар үчүн бир аят (белги); Биз аны тирилттик, андан уруктарды чыгардык, ошентип андан жеп жатышат.»

Ясин Сүрөсү, 33

Өлүк бир жерди жандандыруучу жамгырлар

Куранда жамгырдын «өлүк бир жерди тирилтүүчү» функциясына көп аяттарда көңүл бурулат:

Куранда жамгырдын «өлүк бир жерди тирилтүүчү» функциясына көп аяттарда көңүл бурулат:

«... Биз асмандан таптаза бир суу түшүрүүдөбүз. Аны менен өлүк бир жерди (топуракты) жандандыруу жана (Аллах) жараткан жаныбарлардын жана адамдардын бир тобун аны менен сугаруу үчүн.»

Фуркан Сүрөсү, 48-49

Жамгырдын жандыктар үчүн эң зарыл муктаждык болгон сууну жер бетине түшүрүшүнөн тышкары уруктандыруучу өзгөчөлүгү да бар. Океандардан бууланып булуттарга жеткен жамгыр тамчылары өлүк топуракты «жандандыра турган» кээ бир элементтерге ээ. Мындай «жандандыруучу» өзгөчөлүктүү жамгыр тамчылары «беттик тартылуу тамчылары» деп аталат. Беттик тартылуу тамчылары биологдор океан бетинин микро катмары деп атаган үстүңкү тарабында пайда болушат; миллиметрдин ондо биринен да ичке болгон бул үстүңкү кабыкчада микроскопиялык балырлардын жана зоопланктондордун чиришинен пайда болгон көптөгөн органикалык калдыктар бар. Бул калдыктардын кээ бирлери океан суусунда абдан аз кездешкен фосфор, магний, калий сыяктуу элементтерди жана мындан тышкары жез, цинк, кобальт жана коргошун сыяктуу оор металлдарды бөлүп алып, өз ичине топтошот. Жер бетиндеги урук жана өсүмдүктөр өсүшү үчүн керектүү болгон көп сандагы минералдык туздарды жана элементтерди мына ушул жамгыр тамчыларынан алышат. Куранда дагы бир аятта бул кубулуш мындайча билдирилет:

«Жана асмандан куттуу (береке жана мээримге толо) суу түшүрдүк; ошентип аны менен бакчалар жана өнө турган уруктарды өстүрдүк.»

Каф Сүрөсү, 9

Жамгыр менен жерге түшкөн бул туздар түшүмдү көбөйтүү үчүн колдонулган кадимки жер семирткичтердин кээ бирлеринин (кальций, магний, калий ж.б.) кичинекей мисалдары. Мындай аэрозольдордогу оор металлдар болсо өсүмдүктөрдүн өсүшүндө жана түшүмүндө түшүмдүүлүктү жогорулатуучу элементтерди түзүшөт. Кыскача айтканда, жамгыр маанилүү бир жер семирткич. Жарды бир топурак бир гана жамгыр аркылуу келген бул жер семирткичтер менен да бир кылымдык бир мөөнөт ичинде өсүмдүктөр үчүн керектүү болгон бардык элементтерге ээ боло алат. Токойлор да океандан келген ушул аэрозольдор жардамы менен өнүгөт жана азыктанат.

Бул жол менен жыл сайын кургак жерлердин жалпы аянтына 150 миллион тонна жер семирткич түшүүдө. Мындай табигый жер семирткич функциясы болбогондо, жер бетинде өсүмдүк абдан аз болмок жана жашоо тең салмактуулугу бузулмак. Аяттагы жамгырдын жандандыруучу өзгөчөлүгү жөнүндө берилген маалымат – Курандын сансыз кереметтүү өзгөчөлүгүнүн бирөөсү гана.

Мөндүр, чагылган жана күн күркүрөөнүн пайда болушу

Бул аятта чагылгандын мөндүр менен болгон байланышына көңүл бурулууда. Мөндүрдүн чагылгандын пайда болушуна болгон таасири изилденгенде, аятта маанилүү бир метеорологиялык чындыкка ишарат кылынганы байкалат.

«... Асмандан ичинде мөндүрү бар тоолор (сыяктуу булуттар) түшүрүп, аны каалаганына туш кылат, (жана) каалаганынан аны кайтарат (тосот); чагылганынын жаркыраганы көздөрдү алып көр кылчудай болот.»

Нур Сүрөсү, 43

Бул аятта чагылгандын мөндүр менен болгон байланышына көңүл бурулууда. Мөндүрдүн чагылгандын пайда болушуна болгон таасири изилденгенде, аятта маанилүү бир метеорологиялык чындыкка ишарат кылынганы байкалат. Meterology Today (Учурда метеорология) аттуу китепте мөндүр жана чагылгандын пайда болушу жөнүндө мындай жоромол айтылат:

Ашыкча муздаган тамчылардан жана муз кристаллдарынан турган бир булут аймагынан мөндүр түшкөн сайын булуттарда электрдик заряд пайда болот. Суюк абалдагы тамчылар да мөндүрлөр менен сүзүшкөндө, тийүү учурунда тоңушат жана потенциалдуу жылуулуктарын жоготушат. Бул мөндүрдүн үстүңкү бетинин муз кристаллынын айланасынан ысыгыраак болушун камсыз кылат. Мөндүр муз кристаллга тийгенде болсо маанилүү бир кубулуш ишке ашат. Электрондор муздагыраактан жылуураакты көздөй жылышат. Мунун натыйжасында мөндүр терс (-) зарядга ээ болот. Ушундай эле таасир абдан муздаган суу тамчылары бир мөндүргө тийгенде жана оң (+) заряддуу абдан кичинекей муз бөлүкчөлөрү сынганда да пайда болот. Жеңилирээк жана оң заряддуу бөлүкчөлөр аба кыймылы менен булуттардын жогору тарабын көздөй кыймылдашат. Терс зарядга ээ бойдон калган мөндүр булуттун төмөнкү бөлүгүн көздөй түшөт, натыйжада булуттун ылдыйкы тарабы терс заряддалат. Бул терс заряддар чагылган катары жер бетин көздөй агып, өз зарядын жоготушат. Бул тараптан мөндүр чагылгандын пайда болушунда негизги фактор.

Төмөнкү аятта болсо жамгыр булуттарынын чагылгандар менен болгон байланышына жана булардын пайда болушунун кезегине көңүл бурулган; булар да илимий жыйынтыктарга абдан дал келет:

«Же болбосо (алар) караңгылык, күн күркүрөө жана чагылганга толгон «асмандан (келген) күчтүү бир жамгыр добулуна кабылгандар сыяктуу, чагылгандар берген коркунучтан»; өлүм коркунучунан манжалары менен кулактарын жабышат...»

Бакара Сүрөсү, 19

Жамгыр булуттары 25,6 км - 256 км аянт, 9000 - 12000 м бийиктикке ээ абдан чоң массалар абалында болушат. Мындай укмуштуу калыңдыктан улам бул булуттардын төмөнкү тарабы караңгы. Күн нурлары булутту түзгөн суу жана муз бөлүкчөлөрү абдан көп болгондуктан ылдый өтө албайт. Мындай тыгыздыктан улам жер бетине бул булуттар арасынан абдан аз санда күн нуру жетет жана ошондуктан жерден караган адам булутту караңгы абалда көрөт. Булуттун үстүңкү тарабында болсо караңгылык азыраак жана жер бетине жакындаган сайын караңгылыгы жогорулайт.

Караңгылыктан соң аятта көңүл бурулган күн күркүрөө жана чагылгандын пайда болуу баскычтары болсо төмөнкүчө: жамгыр булуттарынын ичинде электрдик заряд чогулат. Булуттардагы мындай электрлешүү тоңуу, тамчылардын бөлүнүшү, тийүү учурундагы заряддалуу сыяктуу процесстер натыйжасында пайда болот. Мындай электрдик заряддын чогулушу, арасына кирген абанын аларды изоляция кыла албай турган абалга келиши натыйжасында ири бир учкун оң жана терс заряддуу аймактар арасында ортого чыгат. Карама-каршы заряддуу эки аймак арасындагы чыңалуу 1 миллиард вольтко жетиши мүмкүн. Учкун булуттун ичинде да болушу мүмкүн, оң заряддуу бир аймактан терс заряддуу бир аймакты көздөй эки булут арасында агышы мүмкүн же бир булуттан жер бетин көздөй агым жарылышы мүмкүн. Мындай учкундар көздү алчудай жаркыраган чагылгандарды пайда кылат. Чагылган линиясы боюнча пайда болгон электрдик заряддагы мындай кокус жогорулоо абдан жогорку температураларга (10 000 °C) себеп болот. Мунун натыйжасында абада кокус бир кеңейүү болот жана абдан чоң бир жарылуу добушу сыяктуу болуп күн күркүрөөсү пайда болот.

Байкалгандай, бир жамгыр булутунда катары менен караңгы катмарлар, чагылган деп аталган электрдик заряддуу учкундар жана күн күркүрөөсү деп аталган жарылуу добушу пайда болот. Заманбап илимдин булуттардын пайда болушу, күн күркүрөөсү жана чагылгандын себептери жөнүндө айткандарынын баары Куран аяттарынын бардык сүрөттөөлөрүнө абдан окшошот.

«Төлдөтүүчү» шамалдар

Курандын бир аятында шамалдардын «төлдөтүүчү» (уруктандыруучу) өзгөчөлүгүнө жана мунун натыйжасында жамгырдын пайда болооруна мындайча көңүл бурулат:

Курандын бир аятында шамалдардын «төлдөтүүчү» (уруктандыруучу) өзгөчөлүгүнө жана мунун натыйжасында жамгырдын пайда болооруна мындайча көңүл бурулат:

«Жана төлдөтүүчүлөр (уруктандыруучулар) катары шамалдарды жөнөттүк, ошентип асмандан суу түшүрүп, силерди сугардык...»

Хижр Сүрөсү, 22

Аятта жамгырдын пайда болушундагы алгачкы баскычтын шамалдар экенине көңүл бурулууда. Бирок 20-кылымдын баштарына чейин «шамал менен жамгырдын арасындагы жалгыз байланыш – бул шамалдын булуттарды айдашы» деп айтылып келген. Заманбап метеорологиялык ачылыштар болсо шамалдардын жамгырдын пайда болушунда «төлдөтүүчү» рол ойноорун көрсөттү.

Шамалдардын мындай төлдөтүү өзгөчөлүгү мурдараак да айтылгандай мындайча ишке ашат: океандардын жана деңиздердин бетинде көбүктөнүү себебинен дайыма сансыз аба көбүкчөлөрү пайда болууда. Бул көбүкчөлөр жарылганда, миллиметрдин 100дөн бириндей чоңдукта миңдеген бөлүкчөнү абага ыргытышат. «Аэрозоль» деп аталган бул бөлүкчөлөр шамалдар урматында кургактыктардан келген чаңдарга аралашып атмосферанын үстүңкү катмарларына көтөрүлөт. Шамалдар ушундайча асманга көтөргөн бөлүкчөлөр ал жерде суунун буусуна тийет. Суу буусу болсо бул бөлүкчөлөрдүн айланасына чогулуп, жыйналат жана суу тамчыларына айланат. Бул суу тамчылары алгач чогулуп булуттарды пайда кылат, бир мөөнөттөн соң болсо жамгыр болуп жерге түшөт. Байкалгандай, шамалдар абада эркин абалда жүргөн суу буусун деңиз-океандардан алып келген бөлүкчөлөр менен «төлдөтүүдө» жана натыйжада жамгыр булуттарынын пайда болушун камсыз кылууда.

Эгер шамалдардын мындай өзгөчөлүгү болбогондо, жогорку атмосферадагы суу тамчылары эч качан пайда болмок эмес жана жамгыр деген нерсе эч болмок эмес.

Бул жердеги маанилүү жагдай болсо – шамалдардын жамгырдын пайда болушундагы мындай абдан маанилүү кызматынын кылымдар мурда Куранда билдирилген болушу. Болгондо да адамдар табигый кубулуштар жөнүндө дээрлик эч нерсе билбеген бир доордо...

Аятта шамалдардын төлдөтүүчү тарабы жөнүндө билдирилген дагы бир маалымат – бул шамалдардын өсүмдүктөрдүн төлдөнүшүндөгү ролу. Жер бетиндеги көптөгөн өсүмдүк өз түрүнүн уланышын чаңчаларын шамал аркылуу таркатуу менен камсыз кылат. Көптөгөн ачык уруктуу өсүмдүк, кайрагачтар (сосна), пальма жана башка дарактар, мындан тышкары гүл ачкан бардык уруктуу өсүмдүктөр менен чым тибиндеги чөптөрдүн баары шамалдар аркылуу төлдөнүшөт. Шамал гүл чаңчаларын өсүмдүктөрдөн алып, ошол эле түрдөгү башка өсүмдүктөргө жеткирүү аркылуу төлдөнүүнү (уруктанууну) ишке ашырат.

Шамалдардын өсүмдүктөрдү кандайча уруктантаары жакынкы убакка чейин белгилүү эмес эле. Бирок өсүмдүктөрдүн да эркек жан ургаачы болуп, жыныстык айырмаланаары белгилүү болгон соң шамалдардын уруктандыруучу таасири бар экени аныкталды. Бул чындыкка Куранда «Биз асмандан суу түшүрдүк, муну менен жерде ар бир сонун жуптан бир өсүмдүк өстүрдүк.»

(Локман Сүрөсү, 10) аяты менен көңүл бурулат.

Шамалдын пайда болуу системасы

Шамал – бул ар кайсы температура борборлору арасында пайда болгон аба агымы. Атмосферадагы ар кандай температуралар ар кандай аба басымдарын пайда кылгандыктан, аба тынымсыз жогорку басымдан төмөнкү басымды көздөй агат.

«... жана шамалдарды (белгилүү бир система ичинде) башкарышында акылын колдонгон бир коом үчүн аят-белгилер бар.»

Жасийе Сүрөсү, 5

Шамал – бул ар кайсы температура борборлору арасында пайда болгон аба агымы. Атмосферадагы ар кандай температуралар ар кандай аба басымдарын пайда кылгандыктан, аба тынымсыз жогорку басымдан төмөнкү басымды көздөй агат. Басым борборлору, т.а. атмосферадагы температуралар арасындагы айырма эгер чоң болсо, анда аба агымы, б.а. шамал күчтүү болот. Чоң кыйроолорго себеп болгон күчтүү куюндар ушундайча пайда болууда.

Бул жерде таң калыштуу жагдай – бул экватор менен уюлдар арасында температура жана басымдарда абдан чоң айырма болгонуна карабастан, Аллахтын белгилүү бир система ичинде жаратышы урматында жерибиздин абдан күчтүү шамалдарга дуушар болбошу. Эгер уюлдар менен экватор арасында боло турган абдан чоң аба агымдары жумшартылбаганда, жер үстүңкү бети дайыма күчтүү куюндар болуп турган бир өлүк планетага айланмак.

Жогорудагы аятта «тасрифир рийах» сүйлөмүндөгү «тасриф» сөзү «бир нерсени абдан айлантуу, багыттоо, бир ишке багыт берүү, башкаруу, бөлүштүрүү» маанилерине келет. Байкалгандай, шамал үчүн тандалган бул сөз шамалдардын система ичиндеги кыймылын толук сүрөттөөдө. Мындан тышкары, бул абал шамалдын өз башынча, каалагандай сокпошунун апачык бир баяны. Шамалдарды адамдардын жашоосуна ыңгайлуу кылып башкарган – бул Аллах.

Деңиздердин бири-бирине аралашпашы

Деңиздердин изилдөөчүлөр тарабынан жакында гана аныкталган бир өзгөчөлүгү Курандын Рахман Сүрөсүндө мындайча билдирилет:

Деңиздердин изилдөөчүлөр тарабынан жакында гана аныкталган бир өзгөчөлүгү Курандын Рахман Сүрөсүндө мындайча билдирилет:

«Бири-бири менен кездешүүсү үчүн эки деңизди коюп жиберди. Экөөсү арасында бир тосмо бар; бири-биринин чегинен өтө алышпайт.»

Рахман Сүрөсү, 19-20

Бири-бирине тийип турган, бирок суулары эч бири-бири менен аралашпаган деңиздердин аятта билдирилген мындай өзгөчөлүгү океан изилдөөчүлөр тарабынан жакында гана аныкталган. «Беттик тартылуу» деп аталган физикалык бир күч себебинен кошуна деңиздердин сууларынын бири-бирине аралашпай турганы аныкталган. Деңиздердин тыгыздыктарынын ар түрдүү болушунан келип чыккан беттик тартылуу бир дубал сыяктуу суулардын бири-бирине аралашышына тоскоол болот.

Албетте, адамдар физика, беттик тартылуу, океан билими жөнүндө эчтеке билбеген бир доордо бул чындыктын Куранда билдирилген болушу абдан терең сырдуу жагдай.

Деңиздердеги караңгылык жана ички толкундар

Терең океандардагы жалпы чөйрө Oceans (Океандар) аттуу китепте мындай сүрөттөлөт:

«Же болбосо (каапырлардын кылгандары) чоң бир деңиздеги караңгылыктарга окшошот; анын үстүн бир толкун каптайт, анын үстүндө бир толкун, анын үстүндө болсо бир булут бар. Бир бөлүгү бир бөлүгүнүн үстүндө болгон караңгылыктар; колун чыгарганда аны да дээрлик эч көрө албайт. Аллах кимге нур бербеген болсо, эми ал үчүн нур жок.»

Нур Сүрөсү, 40

Терең океандардагы жалпы чөйрө Oceans (Океандар) аттуу китепте мындай сүрөттөлөт:

Терең деңиздердеги жана океандардагы караңгылыктын болжол менен 200 м жана тереңирээк жерлерде болоорун учурда билебиз. Мындай тереңдикте жарык дээрлик эч жок. 1000 метрден төмөнкү тереңдиктерде болсо эч кандай жарыкты көрүүгө мүмкүн эмес.

Учурда бир деңиздин жалпы географиялык түзүлүшү, ичинде жашаган жандыктардын өзгөчөлүктөрү, туздуулук деңгээли сыяктуу маалыматтар менен бирге суунун көлөмү, аянты жана тереңдиги сыяктуу маалыматтарды да алууга болот. Учурдагы технология колдонулуп өндүрүлгөн суу-асты унаалар жана ар кандай атайын аппараттар бул маалыматтарга жетүүдө колдонулган эң маанилүү кабылдагычтар.

Мындай аппараттарсыз бир адамдын 70 метрден тереңирээкке чумкушу болсо дээрлик эч мүмкүн эмес. Ошондой эле, бир адамдын эч көмөксүз океандардын 200 метр тегерегиндеги караңгы тереңдиктеринде жашашы да эч мүмкүн эмес. Ошондуктан, илимпоздор суулар жөнүндөгү терең маалыматтарды абдан жакында гана аныкташты. Ал эми Куранда болсо ири деңиздердин караңгы экендиги мындан 1400 жыл мурда кабар берилген. Эч бир технология жана ошондуктан адамдар деңиз-океандардын тереңине чумкуй турган унаалары жок болгон бир доордо мындай бир маалыматтын билдирилген болушу – албетте, Курандын кереметтеринин бири.

Ошондой эле, Нур Сүрөсүнүн 40-аятындагы «... чоң бир деңиздеги караңгылыктарга окшошот; анын үстүн бир толкун каптайт, анын үстүндө бир толкун, анын үстүндө болсо бир булут бар...» сүйлөмү болсо Курандагы дагы бир илимий кереметке ишарат кылууда:

Илимпоздор жакында эле «ар кайсы тыгыздыктагы катмарлар арасында тыгыздык араларында пайда болгон ички толкундардын» бар экенин аныкташкан. Ички толкундар деңиз жана океандардын тереңдиктерин каптайт; себеби терең деңиздердин үстүндөгү суудан тыгыздыгы жогору. Ички толкундар беттик толкун сыяктуу кыймылдайт. Беттик толкундар сыяктуу алар да сынышы мүмкүн. Ички толкундарды көз менен көрүүгө болбойт, белгилүү бир аймактагы температура жана туздуулуктун өзгөрүшүн изилдегенде гана бул толкундарды байкоого болот.

Аяттагы маани менен бул түшүндүрмө бири-бирине толук дал келет. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр болбостон, бир адам деңиз бетиндеги толкундарды гана бар деп ойлойт. Деңиздин ичинде пайда болгон толкундарды болсо эч билиши мүмкүн эмес. Бирок Нур Сүрөсүндө Аллах деңиздердин тереңдиктериндеги экинчи бир толкун формасына ишарат кылган. Албетте, илимпоздор жакында эле аныктаган бул чындык да Курандын Аллахтын сөзү экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө.