Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Аллах сүйүүсү: Пайгамбарыбыздын сүйүүгө үндөгөн сөздөрү

Мазмуну
  1. Кириш сөз
  2. Аллах сүйүүсү
  3. Аллах сүйүүсү менен Аллах коркуусу бирге болушу зарыл
  4. Аллахты сүйгөн пайгамбарларды жана момундарды да сүйөт
  5. Пайгамбарыбыздын сүйүүгө үндөгөн сөздөрү
  6. Аллах ыраазычылыгы үчүн сүйүү
  7. Куран ахлагында сүйүү

Микдам Ибну Мадикериб (радыйаллаху анх) мындай баяндайт:

«Расулуллах (алейхиссалату весселам) буйурду: «Бирөөңөр бир тууганынын ахлагын (Аллах үчүн) сүйсө, муну ага айтсын.»

Ата эль-Хорасани баяндайт: «Расулуллах (алейхиссалату весселам) буйурду: «Бири-бириңер менен кол алышкыла, жүрөктөрдөгү кек кетсин. Белек беришкиле, бири-бириңерге сүйүү пайда болсун жана араңардагы душмандык жоголсун.»

«Белек беришкиле, бири-бириңерди сүйгүлө, «Бири-бириңерге тамак тартуулагыла. Бул ырыскыңарды көбөйтөт.»

«Аллах Кабатында эң сүйүктүүңөр достук курган жана аны менен достук курулганыңар. Аллах алдында эң жагымсызыңар болсо куулуп жүргөндөр, достордун арасын бузгандар.»

«Эки бир тууган (эки дос) эки кол сыяктуу, бири экинчисин жууйт (тазалайт).»

«Бири-бириңерден тескери бурулбагыла. Бири-бириңерге өчөшпөгүлө. Бири-бириңерди кызганбагыла. Бири-бириңер менен достугуңарды үзбөгүлө. Эй Аллахтын кулдары, бир тууган болгула.»

«Силерге берген нематтары үчүн Аллахты сүйгүлө, мени да Аллах мени сүйгөн үчүн сүйгүлө.»

«Аллах үчүн жөнөкөй (бой көтөрбөс) болгонду Аллах бийик кылат. Бой көтөргөндү Аллах төмөн кылат. Аллахты көп эстегенди Аллах сүйөт.»