Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Ориенталисттердин Куран 10-Кылымда Китеп Түрүнө Келтирилген Деген Ырастоосуна Жооп

Ориенталисттерге Жооп 1


Ориенталисттердин Куран 10-Кылымда Китеп Түрүнө Келтирилген Деген Ырастоосуна Жооп

Бул жазуулар сериясы, Аллахтын сөзү Куран тууралуу баш аламандык жаратуу үчүн даярдалган кээ бир жарыялоолор жана пикирлер боюнча жазылды.

Акыркы убакта, өзгөчө, кээ бир ориенталисттер Куран 7.кылымда эмес, андан кыйла кийин 10 же 11.кылымда кээ бир христиан дуба китепчелеринен топтолуп түзүлгөн деген сыяктуу жалган бир катар ырастоолорду коргой башташты. Ал тургай ишти андан да ары алып барып, адамзатка үлгү катары дайындалган Мухаммед пайгамбар эч качан жашаган эмес деген сыяктуу абсурд ырастоону да коргоо айласыздыгына чейин жеткиришти ишти….

Анда, чындап эле Курандын алгачкы нускалары илимий жактан кайсы датага таандык жана буга байланыштуу илимий иштер кайсылар?… Мухаммед пайгамбардын ысымы эң алгач кайсы документте илимий түрдө кездешет?… Булардын жоопторун, суроолор жана ырастоолор канчалык акылсыз жана жакшы ниеттен куру болбосун. жооп берели….

Мурда силерге Мухаммед пайгамбардын заманына жана андан кийинки мезгилге таандык жаш аныктоолору жүргүзүлгөн, Германиянын Тюбинген Университети тарабынан классификация жана илимий иштери жасалган, ичинде так 4 сүрө ( Аль-Исра, Ас-Саффат, Аль-Хадид жана Ясин ) жана 160 барак түрүндөгү Курандын Пайгамбардын белгилүү вафат датасынан жалгыз 20 жыл кийинкиге, башкача айтканда, 649-675 жылдардын ортосуна жашы аныкталганын далилдеген элем. Швейцариядагы көз карандысыз институтта бул барактар ушул датага таандык экени түшүнүлгөндө, Куран белгилүү формасы менен 10.кылымдын аягында жасалган деп айткан ориенталист кээ бир изилдөөчүлөр бул мусхаф ТОЛУК эмес экенин жана анын үстүнө бар болгон көчүрмөлөрдүн ичинде Мухаммед пайгамбардын ысымы кездешпегенин коргоп, бул ырастооума каршы чыгышты.

Андан кийин Германия Мамлекеттик китепканасында, ал тургай дал Мухаммед пайгамбар жашаган заманга таандык да Куран бөлүктөрүнүн табылышын да көздөн кача берип, бул акылсыз ырастоолорун улантуу уятсыздыгын да көрсөтүштү….

Эми Аллахтын сөзү Куран 10.кылымдын аягында топтолгон жана адамзатка үлгү элчи. Мухаммед пайгамбар эч качан жашаган эмес деген сыяктуу акылсыз ырастоолор эми кыяматка чейин токтой турган бир илимий маалымат жөнүндө айткым келет…..

САНА МУСХАФЫ

Йемендин Сана шаарында, ошол эле ат менен белгилүү Сана мечитинин тарыхый кампасында 1972-жылы табылган бул Куран, мындай ырастоолорду эми тарыхтын таштандысына шыпыргыдай так чындык менен мынаны далилдейт…..

1) Аллахтын сөзү Куран ориенталист мушриктер айткандай 10.кылымдын аягында жазылган, Кудай сактасын, топтолгон китеп эмес.Анткени, Сана мусхафын изилдеген Gerd R.Puin да National Geographic каналындагы маегинин 2.мүнөтүндө кабыл алууга аргасыз болгондой, бул мусхаф 705-715 жылдарга таандык. Ал эми, Karl- Heinz Ohlig жана Hans Caspar Graf von Bothmer менен бирге жазышкан ‘ Куран Изилдөөлөрүнүн Жаңы Жолдору’ китебинде болсо C14 көмүртек тести менен жасалган аныктоо. мусхаф 657-690 жылдарга ишарат кыларын кабыл алууга аргасыз болушкан.

2) Мурда табылган Куран бөлүктөрүндө ысымы кездешпегендиктен, Мухаммед пайгамбар эч качан жашаган эмес, Кудай сактасын, ойдон чыгарылган адам деген ырастоолорду да эми улантууга мүмкүнчүлүк калган жок. Ал эми САНА мусхафында Аллахка шүгүр болсун, Мухаммед пайгамбардын ысымы кездешкен бардык сүрөлөр бар. Анын үстүнө Сана мусхафы бүт Курандын % 86 сын камтыйт.

Белгилүү болгондой, Курандын 4 жеринде Мухаммед пайгамбардын даңктуу ысымы кездешет.
Бул сүрөлөр жана тиешелүү аяттары мындай.
*Али Имран сүрөсү 144.аят
*Аль-Ахзаб сүрөсү 40.аят
*Аль-Фатх сүрөсү 29.аят жана
*Мухаммед сүрөсү 2.аят…

Сана Мусхафы боюнча иш жүргүзгөн жалгыз мусулман болгон Урматтуу.Проф.Таййар Алтыкулач мырзанын ИКУ га таандык IRCICA басылмаларынан чыккан жана Сана мусхафынын барак-барак сүрөттөрү да камтылган абдан баалуу эмгегинде көрүнгөндөй, Мухаммед пайгамбардын ысымы кездешкен сүрө жана аяттар түп нускасында абдан АЧЫК көрүнөт.Куфи жазуусу менен жана ошол мезгилде харакасыз болгонуна карабастан мен жана мага жардам берген досторум бул жагдайды абдан ачык байкадык жана сүрөттөрдүн үстүндө түп нуска аяттын ичиндеги МУХАММЕД жазуусун да, азыркы компьютердик терилген арабча жазуунун үстүндө да бул абалды алкакка алып аныктап чыктык…
Жазуунун аягында бул аныкталган абалында тартылган сүрөттөрдү көчүрүп койдук.Каалаган достор компьютерлерине жүктөп алышса болот….

Жазуулар Сериясынын Биринчи ЖЫЙЫНТЫГЫ…

Бул эки абалдын илимий түрдө аныкталышы, эми ким ырастаса да, Куран 10.кылымдын аягында (Кудай сактасын) топтолгон жана Мухаммед пайгамбар эч качан жашаган эмес деген куру сөздү тарыхтын таштандысына шыпырып салды.

Эч ким Куран Аллахтын сөзү экени чындыгына, жүздөгөн жана миңдеген кереметтерине карабастан ( Бул темага кийин да улантылат), ишенүүгө милдеттүү эмес. Ал тургай жаратылыш чындыгына да, бардык илимий далилдерине карабастан. Күмөн менен же инкар менен карай алат. Бул адамдын эң табигый укугу. Бул дүйнөдө ишенбегендер же динден чыккандар үчүн Куран дүйнөлүк жаза да караган эмес. Бирок ….
Илимге жана акылга каршы жалган-жаалак нерселерди айтуу, ар бир доордо жана аймакта уят нерсе жана ээсин акыры абдан уятка калтырат…..

وَمَكَرُوا۟ وَمَكَرَ ٱللَّهُ وَٱللَّهُ خَيْرُ ٱلْمَٰكِرِينَ

Али Имран сүрөсү, 54
Алар амалга барышты, Аллах да алардын тузагын текке кетирди. Аллах, амалдарды текке кетиргендердин эң жакшысы….