Ай культу доомату
Бул дооматтын алгачкы чыккан жери Исламга сын айткысы келген кээ бир фанатик христиандар. Ислам динин каралоо иши менен бул дооматтарды ортого чыгарып жатышат. Буга ылайык Аллах ысымы Куран келгенге чейин да болгон. Арабдар Ислам дининен мурда да Аллахты билишкен. Бул дооматка ылайык Аллах башкача айтканда “El- İlah” Ай кудайынын аты болгон. Ислам ишеними да Ай культунан келип чыккан. Бул дооматтардын жарыгында башка асмандык диндер менен эч кандай байланышы жок экенин, археологиялык табылгаларда табылган айрым рельеф сүрөттөрдү өз алдынча далил катары алдыга коюп жатышат.
Бул дооматтардын баары ачык бурмалоо. Кылдат изилденгенде бул сөздөрдүн чыныгы негизи жок экени ачыкка чыгат. Эми пункт-пункт боюнча бул дооматтарды карап көрөлү:
Арабдар Исламга чейин Аллахка ишеними болгон деген ой жаңы ачылыш эмес. Пайгамбарыбыздын атасынын аты так ушул “Abdullah” (Аллахтын кулу). Ислам дининен мурда да Аллах түшүнүгү арабдар тарабынан белгилүү болгону Куранда да көптөгөн аяттарда айтылат. Алардын бири мындай:
Кабарың болсун; таза (кошулмасыз) дин жалгыз Аллахка таандык. Андан башка колдоочуларды кармагандар (мындай дешет:) “Биз буларга бизди Аллахка көбүрөөк жакындатсын деп ибадат кылабыз.” (39 Зумар сүрөсү – 3)
Бул аяттан да түшүнүлгөндөй, пайгамбарыбыздын доорунда мушриктер Аллахты билишкен; бирок “Буттарга бизди Аллахка жакындатсын деп сыйынабыз.” дешчү. Алар да Аллахты толугу менен четке кагуу деген сөз болгон эмес. Жалгыз гана айрым буттарды ага шерик кылышкан. Аллах ишеними Исламга чейинки башка акыйкат диндерден келет. Ислам дини алгач келген доордо Ибрахим алып келген “Hanef” дини да ушул чөйрөдө болгон. Бул дин деградацияга учураса да алгачкыдан бери бар болгон көптөгөн ибадаттарды жана ишенимдерди негизги сызыктары менен сактап кала алышкан. Ошондуктан Исламга чейин да Аллах ишеними жана ажылык, намаз, орозо сыяктуу ибадаттар бузулса да дагы эле бар эле. Демек, Ислам келгенде бул түшүнүктөрдү жана ибадаттарды алардан алган эмес, тескерисинче, аларды адамдарга биринчи жолу буйруган Аллах, туура эмес аткарылган иштерди оңдоп, кайра Мухаммед пайгамбар аркылуу билдирген.
Бул маселеде далил катары көрсөтүлүүгө аракет кылынган археологиялык табылгалар да атайылап бурмаланууда. Бул табылгалар Мекке аймагында эмес, андан алда канча алыс болгон түштүк Арабия аймагында табылган. Бул табылгалар атайылап Түндүк Арабияда табылгандай көрсөтүлүүгө аракет кылынууда. Алардын Мекке аймагында жашаган арабдар менен эч кандай байланышы жок.
Ай кудайы Археологиялык табылгаларда “Sin” деп кездешет. Аллах (el-ilah) сөзү ай кудайы деген дооматты колдой турган эч кандай далил жок. Ага карабастан мындай дооматтарда бир нече сүрөт коюп, астына мындай түшүндүрмө жазып, Ай кудайы Аллах деп ырасташат.
Эгер мунун теги бир аз изилденсе, негизсиз бул дооматтар фанатик дин душмандарынын кыялы экени ачыкка чыгат. Мечиттердин Куббасында ай символу болушу Ай культунун уландысы экенинин далили катары сунушталууда. Бул да абдан негизсиз доомат. Мечиттердин куббасына ай символун коюу Пайгамбарыбыздын доорунда колдонулган символ эмес. Атүгүл халифтер доорунда да колдонулган эмес. Бул адатты биринчи жасагандар Омейяддар да болгон эмес. Бул адат биринчи жолу арабдар тарабынан эмес, түрктөр тарабынан колдонулган. Алпарслан 1064′те Аниди басып алганда мечитке айландырылган собордун куббасындагы чоң кресттин түшүрүлүп, ордуна чоң жарым ай койдурган.
Жана мындан кийин бул практика салтка айланган. Ошондой эле ай символу Исламга чейинки түрк коомуна таандык белги. Эң акыркы жүргүзүлгөн казууларда табылган тыйындар ай символу Исламга чейин түрктөр тарабынан колдонулганын жана түрк адаты экенин көрсөтүп турат. Исламга чейинки Көк түрктөргө таандык тыйындар Кыргызстанда жүргүзүлгөн казууларда табылган. Бул тыйындарда көзгө урунган бир жагдай да аларда ай символу колдонулганы.
Мусулмандардын ай календарын колдонушунун да Ай культуна эч кандай тиешеси жок. Ислам келгенде бар болгон календарь ушул. Жана мусулмандар да аны колдонушкан. ‘’Мусулмандар кийин бул календарга өтүшкөн’’ деген сыяктуу дооматтын эч биринин негизи жок. Бул маселеде эң ачык жагдай болсо Аллах сөзүнүн теги менен байланыштуу. Аллах сөзү “El-İlah”тан келет. “El” мүчөсү англис тилиндеги “the” сыяктуу. Аллах (El- İlah) “The God” дегенди билдирет. Башкача айтканда Аллах El- İlah белгилүү бир кудай. Бул сөз араб тилинде гана жок. Араб тили кирген семит тилдеринде да бул сөз бар. Мисалы, иврит тилиндеги “Elohim” ( Кудай) сөзү ушул уңгудан келет. Ошондой эле дагы ошол эле тил үй-бүлөсүнөн келген жана Иса пайгамбардын эне тили болгон арамей тилинде да ошол эле сөз бар. Болгондо да арабчадагы “İlah” сөзү менен бир эле сөз. Окулушу да бирдей.
Бул чындык Фанатик христиандардын дооматтарын толугу менен жокко чыгарат. Эгер El-İlah ай кудайы болсо, Иса пайгамбар да бул кудайга ишенген болот. Ага ушул ат менен дуба кылган болот. Мындай нерсе сөз болушу мүмкүн эмес. Мухаммед пайгамбар кайрылган Аллах менен Иса пайгамбар кайрылган Аллах бир эле болгон. Жана ал бардык нерсени жаратуучу, жубайы жана теңдеши жок улуу Аллах. Демек, бул дооматты айткан фанатик христиандар билбестен өздөрүн өздөрү жалганга чыгарып жатышат. Өз диндерин билбестен, арамей тилинде кудай эмнени билдирерин билбестен, Иса сүйлөгөн тилден кабары жок бул чындыкка дал келбеген дооматты айтышкан.
Мындай иштер жогоруда да айтканыбыздай, абдан аз болсо да айрым фанатик христиандар тарабынан ортого чыгарылган. Көз карандысыз илимпоздор бул дооматтарды колдобойт. Бул маселеде Түркияда айрым атеист чөйрөлөрдүн бул ойду колдоосунун себеби окуянын илимий негиздерине таянганы эмес. Чындыкка дал келбесе да Ислам динине сын болгону үчүн аны коргоого аракет кылышууда. Жыйынтыктап айтканда, бул дооматтар толугу менен чындыкка дал келбейт. Ислам таухид дини. Бул дин Адамдан бүгүнкү күнгө чейин жер бетинде дайыма бар болгон. Аллах элчилери аркылуу бул динди Адамдарга жеткирген. Аллах Куранда адамдар айга, күнгө эмес, жалгыз Аллахка сыйынышы керек экенин мындайча баса белгилейт:
Түн, күндүз, күн жана ай Анын аяттарынан. Силер күнгө да, айга да сажда кылбагыла. Аллахка сажда кылгыла, аларды өзү жараткан. Эгер Ага ибадат кыла турган болсоңор. (41 Фуссилат, 37)